Илимий Китептер

Кеңеш Жусуповдун чыгармачылык изденүүлөрү

Өмүров Бактыяр Жанышбекович

кошулган жаңы муун өздөрү менен кошо кыргыз адабияты үчүн жаңы адабий-эстетикалык табылгаларды, жаңылыктарды, ийгиликтерди алып келишти. “Көркөм адабият бул жөн эле аморфтуу жалпылык, өзүнчө эле стихиялуу жүрүп отурган процесс эмес. Ар бир улуттун адабияты, барып-келип, ошол феноменди жараткан жана жаратып жаткан жекече чыгармачыл инсандын өздүк салымына, көркөмдүк ачылгаларына жараша болот. Көркөм процесстин диалектикалык татаалдыгы мына ушунда турат: жазгычтын баары эле чыгармачыл инсан боло бербейт. Бул даражага жетүү чыгармачыл инсандын аң-сезимдүү түрдө өзүн-өзү таанып-билүүсүнө байланыштуу” [Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. – Фрунзе: Илим, 1987. Т.1. – 518-519-б.] – деп белгилүү адабиятчы К.Асаналиев акыйкат белгилегендей, улуттук адабияттын өнүгүп-өсүш динамикасы, жетишкендиктери аны жаратуучу жана өнүктүрүүчүлөр болгон акын-жазуучулардын жекече салымдары менен түздөн-түз байланыштуу. Адабий чыгармачылыкта өз жолун таап, улуттук адабий казынага өүнүн азыноолак салымын кошуп, окурман журтчулугуна тааныла алган жазуучунун жеке чыгармачылык өзгөчөлүгүн, изденүү жолундагы жетишкендиги менен кемчиликтерин, “чыгармачыл инсандын аң-сезимдүү түрдө өзүн-өзү таанып-билүүсүн” (К.Асаналиев) иликтөө, аныктап-тактоо – адабияттаануу илиминдеги дайыма актуалдуу маселелерден. К.Жусупов өзүнүн өмүрүн жазуучулук менен, изилдөөчүлүк түйшүк