Илимий Китептер

Кеңеш Жусуповдун чыгармачылык изденүүлөрү

Өмүров Бактыяр Жанышбекович

үмүтүн актабаганына Дуңкананын жаны кашаят. Адамдардын алданып жатканына туягы жок зарлаган курбусу Сактанбектин аялы экөө арчага сыйынып келгенде гана анын чындап көзү жеткени аңгемеде ишенимдүү далилденет: “– ...Эмнеге пешенебизге бактыны тайкы кылдың? Адам деп чын жаратсаң, зар какшаганды укчу?! Жокчулугуңду көтөрөлү деги, шорубуз экен. Айланайын кудай. Өзүң бизди пендебиз десең, баланын ыйын угузчу. Биздей байкуштарды куу баш атка конгузбачы?! – Аялдын шорлоп, эринин тизесин кучактап сыздашы Дуңкананы өрттөдү. Жалынга күйдү. Тобо, Дуңкана кадимкидей өрттөнүп баратты.” [Жусупов, К. Жүрөгүм менин тоолордо. – Фрунзе: Кыргызстан, 1972. – 89-б.]. Мына ушул эпизод Дуңкананын жалгыз арчага болгон жек көрүүсүнүн жеткен чеги болчу. Ал мындан ары чыдай да алмак эмес. Акыры душманынан өч алгысы келген ал (куу арча ага эми душманы болуп калган) акыры арчаны балталап чаап таштайт. “Адам жаткан арчага душман өлүгүн көргөн адамдай табалай да, жийиркеничтүү да, оңурая карап, теңселе жөнөдү. Ушул кейпинде ал түмөн кол душманды чаап келе жаткан сүрдүү эрдин сымбатындай эле. Дагдайган көөдөнүн желге тосо, шоокум салган таңды көздөй баратты ал.” [Жусупов, К. Жүрөгүм менин тоолордо. – Фрунзе: Кыргызстан, 1972. – 92-б.]. Ушул эпизоддогу шоокум салган таң да кандайдыр бир деңгээлде символдук кызмат аткарган деп айтууга болот. Бул Дуңкананын келечек күнүнүн таңы эле.