Илимий Китептер

Кеңеш Жусуповдун чыгармачылык изденүүлөрү

Өмүров Бактыяр Жанышбекович

К.Жусуповдун да аталган аңгемесинде бул мотивдин пайдаланылышын төмөндөгүчө белгилейт: “Жалгыз арча” аңгемесинде жазуучу элдик оозеки чыгармачылыкка башкача ык менен кайрылгандыгын көрүүгө болот. Тойтук бай байлыгына чиренип, Дуңкана менен Сейпентин алоолонгон махабатына каршы чыгып, Сейнепти боздотуп токолдукка алды. К.Жусупов Дуңкана менен Сейнептин бири-бирине жете алышпай зарлаган күйүт-армандарын Күкүк менен Зейнеп тууралуу элдик улама менен параллель сүрөттөп, анын призмасы аркылуу өткөрүп, оригиналдуу берүүгө жетишкен.” [Акматалиев, А. Чыңгыз Айтматов жана кыргыз-казак адабий байланышы. – Фрунзе, 1981. – 115-б.]. Аңгеме сюжеттик-композициялык курулушу жагынан айырмаланып турат. Аңгемени автор он чакан бөлүмгө бөлүп жазган. Ар бир бөлүм публицистикалык маанайдагы эпиграф менен башталат. Жогоруда айтылгандай, жалгыз куу арчаны “касиеттүү” кылган Дуңкана өзү болчу. Бирок, Дуңкана ойлогондой болбой калды, башкача айтканда арча ага жардам берген жок, үмүт-тилегин орундаткан жок. Көрсө “касиеттүү” арчага Дуңкананын өзүнө окшоп турмуштун запкысын көргөн бей-бечаралар кайрылып, жакшылык тилеп үмүт артат экен. А бирок куу арча керең, жаштуунун жашын көрбөй, зардуунун зарын укпай мистейет. Базарбай молдо болсо “ыйык” арча менен карапайым элди алдап байыгысы келет. Куу арчанын “алдамчылыгына”, адамдардын үмүтүн, бөтөнчө өзүнүн