Илимий Китептер

Кеңеш Жусуповдун чыгармачылык изденүүлөрү

Өмүров Бактыяр Жанышбекович

жүргөн Дуңкана атасын азгырып, сайышка түшүрүп, жеңилип калганда “менин намысымды тебеледи” деген жалган жалаага жыгып, үй-бүлөсүнө ”Мамай тукуму байгеге берген тогузду төлөгүлө” – деп айып салган Тойтуктан өч алчу күн келбей, бактылуу жашоону самаган ою ишке ашпай калганын түшүнүп (күнгө болгон ишеними өчүп), жол боюндагы топ арчанын ичиндеги куураган жалгыз арчага кайрылат. “Жол таманынан көгөргөн жаш арчалардын арасында бийик куу арча селейди. Жалгыз. Ага боору ооруп койду Дуңкана. Желге желпинээр бүчүрү кана?! Тарбаят. “Сен мага болушуп жүрбө – деди Дуңкана жалгыз арчага – Өчүмдү алып, бакыт берип жүрбө?!” – Сен мага болушуп жүрбө, жалгыз арча... Күндөн го түңүлдүм...” [Жусупов, К. Жүрөгүм менин тоолордо. – Фрунзе: Кыргызстан, 1972. – 76-б.]. Мына ушинтип, күндөн түңүлгөн ал, куураган арчага үмүттүү карап, минип бараткан атынын куйругунан бир тутам жулуп анын бутагына байлайт. Бул кайрылуу айласыздыктан келип чыккан эле. Жалгыз арча диний ишенимдердин символу сыяктуу. Бирок, ар кандай ыйыктыкка болгон ишеним деле адилетсиздикти жоюп жибере албайт экен. Диний ишенимди алсыздар, армандуулар өзүнө эш туткан менен, алдуулар, амалдуулар өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып кетип, абал өзгөрбөйт экен. Адабиятчы А.Акматалиев Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын-дагы фольклордук мотивдердин колдонулушун анализдеп жатып, башка жазуучулар менен бирге