Илимий Китептер

Кеңеш Жусуповдун чыгармачылык изденүүлөрү

Өмүров Бактыяр Жанышбекович

күндүн да карманаар, өргүүр жайлары жокпу? Силердин убайыңарды көрөбү, деги адам? Күн келе берчү. Күн кете берчү. Эртеңки күнү бактылуу боломун го дечү Дуңкана. Эртеси күн келчү. Күн бактыны сүйрөп келчү эмес. Сени кыйнап-кыйнап, ага табасы канбай, эртеңкиге жалган убадалашып кете берет. Ал – дудук. Ал – туман. Ал кайткыс ооруга окшош. Күн жөнүндө ушундай ойлойт Дуңкана.” [Жусупов, К. Жүрөгүм менин тоолордо. – Фрунзе: Кыргызстан, 1972. – 76-б.] Психологизмге жык толгон жогорудагы сүрөттөө ыкмасынан батыштын согуштан кийинки жаштар адабиятында, “жоголгон муун” адабиятында көбүрөөк байкалган көңүл чөгөттүк маанай менен үндөшүүчүлүк байкалат. Албетте, бул сырткы гана окшоштук. Баскынчылык согуштан психологиялык сокку алган батыштык адабий муундун ар кандай коомдук прогресс, алдыга умтулууларга кайдыгерлик, жек көрүүчүлүк позициясынан айырмаланып, К.Жусупов өткөн чактын кейиштүү элесин тартуу аркылуу үмүтсүздүккө толгон доор артта калгандыгын белгилейт. Аңгеме Октябрь революциясына чейинки караңгы элдин турмушун, ошол замандын кайгысын, азабын чагылдырууга арналып, авторунун жеке көз карашын билдирет. Жазуучу ошол замандын терс жактарын ачууда символдук образды пайдаланат. Башкача айтканда, аңгемедеги жалгыз арча, куураган арча, “касиеттүү” арча – караңгы, адилетсиз турмуштун символу. Күндүн чыгышы менен эртеңки күнгө үмүт кылып жашап