Илимий Китептер

Кеңеш Жусуповдун чыгармачылык изденүүлөрү

Өмүров Бактыяр Жанышбекович

белгилегендиги ушундай жыйынтыкка келүүбүздүн негизги далили болуп бере алат [Айтматов, Ч. О новом поколении // Комсомолец Киргизии. - 1963.]. “Эне кудурети” аңгемесинен кийин жазуучунун “Жалгыз арча” аттуу аңгемеси жарык көрөт. Аңгеме аркылуу автор Октябрь революциясына чейинки замандын, андагы элдин көргөн турмушун чагылдырат. Башкы каарман Дуңкана көпчүлүктүн катарындагы колунда жок, бир ууч талканга зар болуп, эртеңкиге үмүткөр жашаган киши. Анын оорулуу энеси Дуңкананы түрдүү мүшкүлгө салат. Эптеп энесинин оорусуна шыпаа табуу үчүн ар кимден талканга бир кочуш дан издейт. Жетишпеген турмуштун запкысынан, Тойтукка окшогондордун наадандыктарынан, караөзгөйлүктөрүнүн жанына баткандыгынан, таянаар тоосу, ишенээр адамы жок экендигинен улам ал жарык дүйнөгө, анын ызы-чуусуна нааразы болуп, күнгө датын айтат. Анын датын күн укпайт да, тоотпойт. Бирок таң ата берет да, Күн чыга берет. Ар бир аткан таңдагы күндүн чыгышын сүрөттөө аркылуу автор өзгөчө чеберчилик менен символикалуу түрдө Дуңкананын көрөөр күнүнөн алдын ала белги берип турат: “Дуңкана күнгө даттанды: “О күн, сен да куру... Сордуң го түгөл. Адамга болушпай кактадың го... Билесиңби менин көргөн күнүмдү? Күн баарына макул. Күн тоотпойт. Күн дайыма келет. Дайыма күйүткө келет. Анан адамды кантип билесиң. Үмүт дайыма күндү ээрчий жүрөт. Күн үмүттү азгырып ээрчитип жүрө береби? Үмүттүн,