Илимий Китептер

Кеңеш Жусуповдун чыгармачылык изденүүлөрү

Өмүров Бактыяр Жанышбекович

Ар бири өз алдынча, өз кудуретине жараша каргашалуу согуштун кайгы-касиретин, элдин оор турмушунун элесин көркөм сөз аркылуу тартып берүүгө аракеттенишкен. К.Жусупов да бул темага сөз болуп жаткан аңгемеси менен жана андан тышкары “Аянкул”, “Жашоо кумары” аттуу повесттери (бул повесттер туурасында сөз кийинки бөлүмдө улантылат) аркылуу өз үнүн кошкон. “Эне кудурети” аңгемесинде суук кабарды ээсине тапшырууга жүрөгү даабаган эне айылына жетип, кайра артка тартат. Аңгеменин акыры Батма жер кучактап жыгылып, жер эне менен эненин (Батма – Б.Ө) журуулушусу, Батманын көкүрөк толгон муңун чыгара, солкулдап ыйлоосу менен аяктайт. Жазуучунун аңгеменин акырын, чечилишин ушундайча лирикалаштыруу менен аяктап, каармандын ички дүйнөсү менен сырткы дүйнөнү бир бүтүн биримдиктен кароого мүмкүндүк алышы, аңгемедеги окуянын ушундайча жыйынтыкталышы да кандайдыр бир эмоционалдуу таасирдүүлүккө багытталып тургандыгы баамдалат. Бул аңгеме жарыкка чыкканы окурмандарды кайдыгер калтырбагандыгы ошол мезгилде басма сөздөрдө жарык көргөн макалалардан ачык баамадалат. Бир мисал, залкар жазуучу Ч.Айтматовдун ошол мезгилде адабий майданга келген акын-жазуучулардын чыгармачылыгына кайрылган макаласында да “Эне кудурети” аңгемесинин жыйынтыгы, башкача айтканда, окуянын аягында Жер-эне менен адам эненин жуурулушуусу ийгиликтүү чыккандыгын