Илимий Китептер

Кеңеш Жусуповдун чыгармачылык изденүүлөрү

Өмүров Бактыяр Жанышбекович

согушка кеткен туугандарынан, уулдарынан келген каттарды таратып берип жүрүп, жакшылыкты алып келчү “ак жолтой” деген атка ээ болот. Өзүнүн курбалдаш сырдашы Сонунбүбү согушка кеткен уулунан эки ирет кат алгандан кийин Батманы ушу атка кондурат. Ошол күнү дагы Батма адатынча почтого барып жакшы кабар күткөн үмүт-тилеги таш каап, так ошол “ак жолтой” атка кондурган курдашына келген суук кабарды угуп, өзүнүн өзөгүндөгү кыйкырыкка муунуп, алтымыш тамыры сыздайт. Эгерде согуштагы өмүрлүк жарынан же уулунан кат-кабар күткөн аялдардын, ата-энелердин алыстан эки ооз сөз жазылган “уйпаланган төрт бүктөм” кагаздан каниет алып калаарын түшүнбөгөндө балким ал мындай абалга келмек эмес. Мына ушул түшүнүк Батманын сезиминде терең уялап, өзүнүн уулу менен абышкасынан айрылганда да “эл көргөндү көрөөрмүн” деп белди бекем бууп жүрүп, так ушул Эгембердинин уулунун кара кагазын алганда, кайгыга чөгүп, үн-сөздөн калып, эс-учун жогото жаздайт. Мына ушундан кийин аңгемеге автор тарабынан Жер эненин образы да киргизилип, Батманын жер кучактап жыгылышы, эки эненин бир бүтүндүккө айланып, муңдашуусу аркылуу, Жер эненин образы аркылуу согуштун кесепеттүү кайгы-касыретинин масштабын элестүү ачып берүүгө аракет кылат: “Адам баласы менен бүткүл адамзаттын жер-энеси кучакташып жатышты. Адам эненин ысык көз жашы Жер-эненин тулку боюна сымаптай тарайт. Батма