Илимий Китептер

Кеңеш Жусуповдун чыгармачылык изденүүлөрү

Өмүров Бактыяр Жанышбекович

стили, баяндоо манерасы, кайталангыс тил байлыгы аркылуу кайрадан иштеп чыгып, көркөмдүүлүк менен документалдуулукту айкалыштырып сүрөттөө менен өзүнүн артыкчылыгын көрсөтө алгандыгында болуп саналат. Жазуучунун алгачкы аңгемелеринин бири – “Эне кудурети”. Аңгеме согуш учурундагы айылдагы бир күндүк окуяны, почточу болуп кат ташып иштеген Батманын почтадан айылга, кайра айылдан почтага чейинки мезгил, мейкиндиктеги учурун сүрөттөйт. Аңгеме күтүүсүздөн минтип башталат: “... Көрдүңүздөрбү, тигине, адатынча бүгүн да өрөөнгө кеткен жалгыз аяк жол менен Батма кыштакты көздөй келе жатат. Ат үстүндө сөөктөй катып, үн-сөздөн калган чүкөдөй кемпир... Ботом, чын эле эмне болгон Батмага? Өмүрүндө кабагын чытыбаган Батманы карагылачы!” [Жусупов, К. Жүрөгүм менин тоолордо. – Фрунзе: Кыргызстан, 1972. – 37-б.]. Аңгеменин ушундайча чукул башталышынан эле жазуучунун чыгарма жазууда жайынча баяндоого эмес, психологиялык чыңалуудагы көрүнүшкө басым жасагандыгын баамдоого болот. Аңгемеде биринчилик орунда окуя эмес, сезим турат, каармандардын согушка катышы эмес, согуштун алардын жан дүйнөсүнө болгон катышы изилдөөгө алынат. Каармандардын образын автор ички толгонуулары аркылуу ишенимдүү ачып бере алган. Аңгемеде Батма аттуу кемпир согуш учурунда ылайыктуу киши табылбагандыктан айылга кат ташуучу болуп иштеп жүрөт. Алгачкы күндөрү айылдагыларга