Илимий Китептер

Кеңеш Жусуповдун чыгармачылык изденүүлөрү

Өмүров Бактыяр Жанышбекович

алуусунда өзүнүн зор таасирин тийгизгендиги, биринчи жактан баяндалган көптөгөн повесттердин жарыкка чыга баштагандыгы ошол мезгилдеги жазуучулардын чыгармаларынан таасын байкалат. “Изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү туура белгилеп жүрүшкөндөй, көркөм чыгармадагы аналитикалык психологизм жаш адабияттардын алгачкы эле өнүгүш процессинде ишке аша калуучу көрүнүш эмес. Адам психологиясын аналитикалык жол менен философиялык тереңдикте ачып көрсөтүү жаш адабияттардын бийик өнүккөн мезгилине мүнөздүү көрүнүш деген пикирде чындыктын үлүшү бар. Ошол үчүн 60–70-жылдарга чейинки кыргыз повесттеринде адамдын жан дүйнөсүн көркөм иликтөөнүн бирден бир методу катары аналитикалык психологизмдин система түрүндө көрүнө албай келиши адабий процессибиздин мыйзам ченемдүүлүгү деп кабыл алыныш керек” – деген адабиятчы К.Артыкбаевдин пикирине кошулбай коюуга болбойт [Артыкбаев К. ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы. – Бишкек, 2004. – 280-б.]. Айтылган пикирге таянсак, өткөн кылымдын 60–80-жылдары адабий майданга келген кара сөз чеберлеринин чыгармачылыгында каармандын ички дүйнөсүн, психологиясын көркөм иликтөөгө алуу аракети көптөгөн чыгармачылык изденүүлөрдөн, аракеттенүүлөрдөн кийин, өзүнө чейинки жазуучулардын чыгармачылыгына таасирленүүдөн кийин гана өз жемишин бере алган десек болот. Башкача айтканда, кыргыз прозаиктеринин көпчүлүгүнө, анын