Илимий Китептер

Кеңеш Жусуповдун чыгармачылык изденүүлөрү

Өмүров Бактыяр Жанышбекович

чейинки адабий майданга келген акын-жазуучулардын мууну өзүнчө бир толкун, ал эми андан кийинки калемгерлер мууну кыргыз адабиятынын экинчи толкуну деп аталып келгендиги көптөгөн адабиятчы-сынчылардын эмгектеринде бир ооздон белгиленет. Касым Тыныстанов, Сыдык Карачев, Аалы Токомбаевдер баштаган биринчи толкундагы акын-жазуучулардын мууну жазма адабияттын тигил же бул жанрында алгачкы кадамдарды таштап, өнүктүрүп, пайдубалын түптөшсө, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов баштаган экинчи толкундун өкүлдөрү 50–60-жылдардагы коомдук-саясий өзгөрүүлөргө, жазма адабияттын өнүгүшүндөгү жыйырма-отуз жыл ичинде топтолгон тажрыйбага жана өнүккөн адабияттын өрнөгүнө таянып, улуттун көркөм сөз өнөрүн жаңы баскычка көтөрүүгө жетишишкен. Таланттуу калемгерлер чыгармаларында объект кылып алган турмуш көрүнүштөрүн мурдагыдан башкача, жаңыча өңүттөн көркөм иликтөөгө алганга, турмуштун жаңы кырларын ачып көрсөтүүгө, улуттук адабиятты жаңы форма, жаңы мазмун менен байытууга аракеттенгендиги да таасын байкалат. Буга алтымышынчы жылдардын башталышы менен ааламга улуу илимий-техникалык революциянын алгылыктуу жаңылык-кабарларын алып келүү менен Советтер Союзунун космос мейкиндигине алгач ирет адам баласын учуруу аркылуу атагы дүйнө жүзүнө даңазаланып, тарыхтын жаңы барагын ачкандыгы, коомдогу ушул сыяктуу улуу өзгөрүүлөр, ошондой эле өкмөт